Радио

Шаршенова: Кыргызстан электрондук өкмөттү толук кандуу түзө элек

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук өкмөттүн инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Индира Шаршенова мамлекеттик органдарды санарип форматка өткөрүү приоритеттүү багыт экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстан электрондук өкмөттү толук кандуу түзө элек. Ал үчүн жарандарга көрсөткөн кызматтардын баары санариптештирилиши зарыл. Бул тууралуу Индира Шаршенова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Электрондук өкмөткө өтүү жана санариптик трансформациялоону ишке ашыруу үчүн базалык маалыматтык системаларды жөнгө салуу керек.
"Учурда мамлекеттик органдарда санарип форматка өтүү приоритеттүү багыт катары каралууда. Электрондук өкмөткө өтүү жана санариптик трансформациялоону ишке ашыруу үчүн базалык маалыматтык системаларды киргизүүдөн башталат. Өкмөттүн ишмердүүлүгүн автоматташтырып, санариптештиргенде гана электрондук өкмөттү курууга мүмкүн болот. Бүгүн да Кыргызстан электрондук өкмөттү толугу менен кура элек. Мисалы, Эстонияда жарандарга көрсөткөн кызматтардын дээрлик баары санариптештирилген", — деди Шаршенова.
Ошондой эле адис Infodocs, e-kyzmat, "Санарип аймагы" маалыматтык системалары учурда ийгиликтүү иштеп жаткандыгын кошумчалады.