БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Донецк, Луганск элдик республикаларында кырдаалдын курчушу токтоп калбай уланууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
21-февралга караган түнү эмне болгону боюнча кыскача баяндама беребиз.
АКШнын президенти Жозеф Байден Россия лидери Владимир Путин менен Францияда жолугушууга макулдугун берди. Ак үй "Россия Украинага басып кирүү боюнча ири план түзүп даярданып жатат" деп айтуудан чарчабай келет. Ал "жакында болорун" бекем ишеним менен жар салууда.
Америкалык аскерлер Польшада машыгуу жүргүзүүдө. Жакында эле АКШ менен Улуу Британия аталган мамлекетке кошумча 1 700 жана 350 аскер киргизди. Андан кечирээк Пентагон Польшага 3 000 жоокер жиберилгендигин кошумчалады. Мамлекеттик департамент НАТОнун "чагымчылдыкка ниети жоктугун" жар салды.
Украиналык күч түзүмдөр Донецк Элдик Республикасын (ДЭР) бир сутка ичинде 66 ирет аткылаган. Эл жашаган 24 жай октун алдында калып, эки жай жаран каза таап, бирөө жаракат алгандыгын Луганск Элдик Республикасынын (ЛЭР) өкүлү кабарлады.
Жекшемби күнү украиналык күч түзүмдөрү ЛЭР аймагы боюнча 700 ирет аткылаганын аталган республиканын элдик милициясынын өкүлү билдирген.
АКШнын Россиядагы элчилиги өзүнүн Москва, Санкт-Петербург жана Украинанын чек ара аймактарына жакын жердеги жарандарына "теракт болушу мүмкүн" деп эскерткен. Дипмиссия "Россиядан чыгып кетүү планы боюнча ойлонууга" кеңеш берген.
"АКШнын Москвада жайгашкан элчилигине суроо: тиешелүү маалыматтарды россиялык кесиптештериңерге өнөктөш каналдар боюнча бердиңерби? Эгерде бербесеңер анда муну кантип түшүнсө болот?" — деп жазган ТИМдин өкүлү Мария Захарова Telegram-каналга.
Азырынча бир дагы шаарда орус аскерлеринин "чабуул коюучу топтору" жок, кол салуу эртең же бүрсүгүнү болот дегендик орунсуз нерсе деген Украинанын коргоо министри Алексей Резников.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Владимир Путин менен Россия-Украина ортосундагы чыңалууну жок кылуу максатында сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын анын маалымат катчысы билдирди.