BRAVE CF уюму: Кубаныч Абдисалам уулу чемпиондук наам үчүн беттешет

BRAVE CF дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. Кыргызстандык Кубаныч Абдисалам уулу уюмдун беттештерине 2020-жылдан бери чыгып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун утурумдук чемпион наамын алуу үчүн беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган уюм Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.
Турнир 11-март күнү Бахрейнде өтөт. Анда Абдисалам уулу франциялык Амин Аюб менен кез келет. 
Жеңил салмактагы чемпион, египеттик Ахмет Амир жаракатына байланыштуу наамын коргоого чыга албай турганын айткан. BRAVE CF Абдислам уулу менен Аюбду утурумдук бел кур үчүн кармаштырууну чечкен. Экөөнүн кимиси утса, кайрадан Амир чыныгы чемпиондук наамды алууга жолдомо алат. 
Кыргызстандык спортчу ММА боюнча 18 кармашты утуп, үч ирет жеңилген. Ал 27 жашта, октагондо "Омок" каймана атын алып жүрөт.
Атаандашы 26 жашта. Аралаш мушташта 16 мелдешти утуп, беш ирет утулган. 
BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. UFC уюмунун белгилүү мушкери Хамзат Чимаев да дал ушул уюмдан чыккан. 
Кыргыз мушкери энеси ооруп жаткан тажик спортчусуна гонорарынын жарымын берди. Видео