Кабулдагы Ыйык Валентин күнүнөн тарта "тирүү" пирамидага чейин. Апта ирмеми

Канададагы жүк ташуучулардын нааразычылыгы, Донбасста элдин эвакуацияланышы жана Олимпиаданын жабылыш салтанаты... Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөтүн чогултту.
Sputnik
1 / 16

Экс-министр Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу. Зыйнат Бишкектеги Опера жана балет театрында өттү. Отставкадагы генерал-майор "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

2 / 16

Чиннаедеги зоологиялык дүкөндө балыктарды карап жаткан кыз. Индия

3 / 16

Барселонада Ыйык Евлалия күнүн майрамдоо учурунда атлеттердин командасы "тирүү" пирамида куруп жатышат. Испания

4 / 16

Кыргызстандын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жоокерлери машыгуу учурунда. Парашюттан секирген жоокер

5 / 16

Канаданын Оттава шаарында парламент имаратынын алдында нааразычылыгын билдирген жүк ташуучулар. Айдоочулар коронавирустук чектөөлөргө жана милдеттүү эмдөөгө каршы

6 / 16

Москвада өткөн хинкали жемей боюнча чемпионаттын тандоо турунун катышуучусу. Жеңүүчүгө 500 миң рубль берилсе, экинчи орун алган адамга iPhone 13 Pro Max тапшырылат

7 / 16

Кабулда Ыйык Валентин күнүндө шар сатып жүргөн жигит

8 / 16

Кытайлык фигуристтер Суй Вэньцзин жана Хань Цун жуптардын мелдешинде кыска программа боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртышты

9 / 16

Пекинде өткөн XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанатынын катышуучулары. Медалдык эсеп боюнча биринчи орунду 16 алтын, 8 күмүш жана 13 коло менен Норвегия ээледи. Экинчи сапка 12 алтын, 10 күмүш, 5 коло медаль алган Германия жайгашты. Ал эми Кытай үчүнчү орунду алды. Куржунуна 9 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль чогулткан. Россиянын курама командасы 32 медаль алып (6 алтын, 12 күмүш, 14 коло), саны боюнча Норвегиядан кийинки экинчи орунду ээледи. Пекин жайкы да, кышкы да Олимпиада оюндарын өткөргөн алгачкы шаар

10 / 16

Сириянын өрт өчүрүүчүлөрү Дана шаарындагы аткылоодон өрттөнгөн ок-дары сакталуучу кампаны өчүрүп жатышат. Октун азабынан үч жай тургундун каза болгону айтылды

11 / 16

Донецкиден Россиянын Ростов облусуна эвакуацияланып жаткан кыз атасы менен автобустун терезесинен коштошуп жатат. Өткөн жумада аталган аймакта абал курчуп кеткен. Украинанын күч түзүмдөрү ДЭР жана ЛЭРди көздөй ок чыгарууда, бийлик аялдар менен балдарды эвакуациялап жатат.

12 / 16

Ыйык Валентин күнүндө Тримурти храмында сыйынып жаткандар. Таиланд, Бангкок

13 / 16

Непалдык митингчилердин Катмандуда парламент имаратынын жанында полиция менен кагылышуу учуру

14 / 16

Нью-Йорктогу Мода жумалыгында The Blonds дуэтинин коллекциясы

15 / 16

АКШнын Миннесота штатындагы паркта ат скиджоринги боюнча мелдештин катышуучулары

16 / 16

Россия менен Украинанын Римдеги элчилигинен анча алыс эмес жердеги Laika аттуу сүрөтчүнүн стрит-арт граффитиси

Тема боюнча:
Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр
Назик, бирок кайраты тоого тең. 15 жаштагы Камила Валиеванын 15 сүрөтү
Тамшандырган табигаттын эң мыкты 18 ирмеми