Ак-Талаанын Ак-Кыясында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Сүрөт

Билим уясынын имаратын куруу иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди

2 / 4

Абдраимов атындагы орто мектептин эки корпусу жараксыз абалга келгендиктен республикалык бюджетке киргизилип, 2017-жылдын октябрь айында курулуш иши башталган

3 / 4

67 миллион сомго 275 орундуу заманбап имарат быйыл курулуп бүттү

4 / 4

Иш-чарага катышкан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев аталган мектептен Кыргызстандын намысына жараган улуу инсандар өсүп чыгуусун тилек кылды.

Абдраимов атындагы орто мектептин эки корпусу жараксыз абалга келгендиктен республикалык бюджетке киргизилип, 2017-жылдын октябрь айында курулуш иши башталган. 67 миллион сомго 275 орундуу заманбап имарат быйыл курулуп бүттү.
Иш-чарага катышкан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев аталган мектептен Кыргызстандын намысына жараган улуу инсандар өсүп чыгуусун тилек кылды. Ошондой эле быйыл мамлекет тарабынан ар бир райондо 4-5тен социалдык объектиге каражат бөлүнөрүн, андыктан мындай ачылыштар башка аймактарда да болорун маалымдады.
Жумгал районунда заманбап шарты бар жаңы мектеп курулду. Сүрөт