Кыргыз купюрасы өз баасынан 90 эсе кымбат сатылууда. Себеби

Банкнота 2000-жылы чыгарылган. Анын баштапкы баасы 40 миң рублди, башкача айтканда, 44,8 миң сомду түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиядагы интернет-аукциондордун биринде 500 сом номиналындагы купюра сатыкка коюлду.
Бул үчүнчү сериядагы банкнота, 2000-жылы чыгарылган. Анын баштапкы баасы 40 миң рублди түздү (44,8 миң сом), башкача айтканда, номиналдык наркынан дээрлик 90 эсеге көп сатылууда.
Бул купюра банк кызматкерлерин, коомчулукту жана уюмдарды банкноталардын жаңы түрү менен тааныштырууга гана арналган, тагыраагы, төлөмсүз көчүрмө болуп саналат. Анын үстүнө "Үлгү" деп мөөр басылган. Номери — AA0000000.
Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 1,26 миллиард доллар саткан