Жумгал районунда заманбап шарты бар жаңы мектеп курулду. Сүрөт

Билим уясынын курулушуна 66 миллион сом жумшалганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында Айып Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматына таянып кабарлады.
1 / 5

Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында Айып Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди

2 / 5

Аталган орто мектептин биринчи корпусунун имараты жараксыз абалга келгендиктен 2019-жылдын октябрь айында Сауд өнүктүрүү фондунан 66 миллион сом бөлүнгөн.

3 / 5

Натыйжада 12 окуу кабинети, усулканасы, китепканасы, жыйындар залы, спорт залы, ашканасы менен 225 орундуу заманбап мектеп имараты курулду.

4 / 5

Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү Баян Жамил Абдалла Махмуд, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев, мектеп ысымын алып жүргөн профессор Айып Идиновдун урпактары жана айыл эли катышкан.

5 / 5

Курулуш иштерин "Мерибелл текстиль иншаат" компаниясы жүргүзгөнү айтылды.

Аталган орто мектептин биринчи корпусунун имараты жараксыз абалга келгендиктен 2019-жылдын октябрь айында Сауд өнүктүрүү фондунан 66 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада 12 окуу кабинети, усулканасы, китепканасы, жыйындар залы, спорт залы, ашканасы менен 225 орундуу заманбап мектеп имараты курулду.
Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү Баян Жамил Абдалла Махмуд, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев, мектеп ысымын алып жүргөн профессор Айып Идиновдун урпактары жана айыл эли катышкан.
Курулуш иштерин "Мерибелл текстиль иншаат" компаниясы жүргүзгөнү айтылды.
Эми кайсы жерге мектеп куруу керектигин Билим берүү министрлиги чечет