Ысык-Көлдө беш жерге лыжа базасын куруу пландалууда

Министр Көлдө бир эле жерде лыжа тебүүчү жай болгондуктан, бул облус планга киргизилгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда беш тоо лыжа базасы курулат. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, учурда Туризм департаменти жаңы лыжа базаларын куруу үчүн жер тилкелерин издеп жатат.
"Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжасы класстери" долбоору боюнча лыжа базаларын курууга болжолдуу түрдө беш жер тилкеси аныкталды. Чүй облусунда лыжа базалары жетиштүү, ал эми Ысык-Көлдө бирөө эле болуп жатат. Ошондуктан жакынкы жылдары дал ушул жакка көңүл буруу пландалууда. Албетте, башка аймактар дагы каралып жатат", — деди Жаманкулов.
Министрликтин маалымат кызматы лыжа базасын куруу тилкелеринин болжолдуу тизмесин кийинчерээк бере турганын айтты.
Жаманкулов "ЗиЛ" лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу "Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022" кайрымдуулук фестивалына катышкан.
Анда базанын директору Акбар Розиев "ЗиЛге" бара турган 2,5 чакырым жолго асфальт төшөтүүнү суранган. Министр өтүнүчтү кабыл алып, жолун оңдоп берүүнү убадалаганы айтылды.
Радио
Жумаев: Каракол шаарында заманбап спорт комплекси курулат