Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиден кармалган украиналык тыңчы Киевдин планын айтып берди

“Биринчи каналдын” эфиринен ДЭРден кармалган Антон Мацанюкту көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Донецк элдик республикасынан кармалган украиналык тыңчы Антон Мацанюк Киевдин Донбассты күч менен басып алуу боюнча пландарын айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Биринчи канал” кармалган кишинин көрсөтмөсүн жарыялаган. Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкини массалык түрдө артиллериялык курал менен аткылап, катуу сокку урууну пландап жатат.

“Ал ошондой эле (Мацанюктун куратору — ред.) Донецкинин аймагынан Шахтерск, Торез же чек арага жакын шаарларга чыгып кетүү туура болорун айткан. Донецк массалык түрдө артиллериялык курал менен аткыланат. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанына барбай эле койгон оң”, — деген Мацанюк.

Буга чейин Донбасстагы республикалар аймактагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, Киев буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп жатканын кабарлаган. Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Деэскалация маселеси Беларустун борборунда байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланып жатат. Негиз катары Минск келишими алынган. Документте конституциялык реформа жасоо, ок атууну токтотуу жана чектеш аймактан аскердик оор техниканы артка кайтаруу каралган.
Бул арада Украинанын бийлиги Донецк менен Луганск элдик республикаларынын чек арасына армиясынын көпчүлүк бөлүгүн топтоп, ок чыгарып, тыюу салынган техникаларды дагы колдонууда. Донбасстагы абалды АКШ менен НАТО курчутуп жатат. Алар Украинага курал-жарак жеткирип, аскер инструкторлорун алып келген. Москва аймакты куралга толтурууну токтотууга үндөп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк жана Луганскинин эли эвакуацияланууда. Видео