Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд. сом бөлүндү

Министр туризм тармагында олуттуу өзгөрүүлөр боло турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Быйыл туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, каражат жер бөлүп берүү жана инвесторлорду издөөгө жумшалат.
"Туризм тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болот, жаңы долбоорлор ишке ашат. Азыркы тапта көптөгөн туристтик объектилер жеке менчикте турат. Эгер жеке инвестор өзүнүн инфраструктурасын жакшыртууга белсенсе, мамлекет анын пландарын ишке ашырууга жардам көрсөтүүгө даяр", — деди Жаманкулов.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин быйыл жазда бардык туристтик аймактардын жолу оңдолуп, асфальт төшөлөрүн билдирген.
Швейцария Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө 320 млн. сом бөлдү