Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр

Мындан бир кылым мурун кыргыздардын спорт менен машыуугусун Sputnik Кыргызстан агенттиги чогулткан сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Sputnik
Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстанга XIX-XX кылымдарда көптөгөн изилдөөчүлөр келип жергиликтүүлөрдүн жашоо-турмушун, тилин, үрп-адатын, каада-салтын изилдеген. Айрым илимпоздор карапайым элдин турмушун камерага да тартып алган. Ал архивдик сүрөттөрдөн өткөн кылымдын башында ат чабышып, улак тартышып, ордо ойноп, күрөшүп күч сынашып жаткан кыргыздарды көрүүгө болот.
1 / 13

Ат үстүндө эр оодарыш боюнча күч сынашкан жигиттер

2 / 13

Ээн талаада күрөшкөн кыргыздар. Сүрөт 1928-жылы тартылган

3 / 13

Жайлоодо жөө оодарыш ойногондор, 1928-жыл

4 / 13

Ат жалындагы жигиттер тыйын эңип күч сынашууда

5 / 13

Москвадагы "Динамо" стадионундагы мелдешке катышкан кыргыз спортчулары, 1937-жыл

6 / 13

Кыргыз элинин улуттук оюндары жаш куракка жараша бөлүнөт

7 / 13

Жарышка камынган чабандестер

8 / 13

Улак тартыш, Чоң-Алай району, 1946-жыл

9 / 13

Ордо ойногон жаштар. Бул оюн азыркыга чейин элет жеринде популярдуу

10 / 13

Селкинчек тепкен кыз-келиндер, ага көз салган тестиер

11 / 13

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан ат чабыш

12 / 13

Жарышта жигиттерди артка калтырган сулуу, 1936-жыл

13 / 13

Өспүрүмдөр кызуу ойногон чикилдек оюну. Бул оюн баланы кыймылга көндүрүп, ыргытуу жөндөмүн калыптандырат.

Тема боюнча:
Кыргыз элинин жүз жыл мурунку турмушу. Сейрек сүрөттөр
Улуу өнөрдүн учугун улаган чеберлердин мурасы... Кыргыз жыттанган сүрөттөр