Коронавирусту 35 киши жуктуруп, эки бейтап көз жумду. Соңку маалымат

Бүгүнкү күндө республика боюнча стационарларда 248 бейтап дарыланууда. Ал эми амбулатордук түрдө 1 457 киши медициналык жардам алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бир сутка аралыгында COVID-19 инфекциясын 35 киши жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 19;
Ош — 5;
Чүй — 7;
Талас — 1;
Ысык-Көл — 3.
Пандемиядан бери 200 322 киши илдетке кабылды.
Өткөн суткада коронавирус эки кишинин өмүрүн алды. Алар Чүйдө жана Бишкекте катталды, ооруга каршы вакцина алышкан эмес. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 944 кишини түздү.
Акыркы суткада ооруканадан 142 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Жалпы айыккандар 199 099 болду.
Учурда стационарларда 248 бейтап дарыланууда. Анын 101и орточо, 113ү оор жана 34ү өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 1 457 киши бар.
COVID-19га антителону акысыз аныктоо. Кыргызстанда изилдөөнүн 2-этабы башталат