БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаасын газга өткөргөндөр көбөйүп, газ толтуруучу станциялардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республика суюлтулган газды негизинен Казакстан менен Россиядан алат. 2020-жылы импорттун көлөмү 44,7 миң тоннаны, ал эми өткөн жылы 113 миң тоннаны түзгөн.
Мурда өлкөдө "Жунда" мунай иштетүүчү заводу суюлтулган газды өндүрүү жана сатуу менен алектенип келген. Завод 2017-2019-жылдары жылына 50 миң тоннага жакын газ өндүрүп турган.
Акыркы жылдары кыргызстандыктар унааларын бензин менен дизелдик майдан газга активдүү өткөрүп, ага суроо-талап күч алууда. Учурда республиканын суюк газга муктаждыгы айына 9 миң тоннадан ашат. 2017-жылы керектөө 3 миң тонна эле.
Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде суюлтулган газдын орточо баасы берилди (17-февралга карата Улуттук банктын курсу боюнча, сом/литри).
Казакстан — 12,8 сомдон 24,6 сомго чейин;
Россия — 33,5;
Кыргызстан — 34,9;
Беларусь — 42,1;
Армения — 42,2;
Тажикстан — 53,5.
2021-жылы Кыргызстанда суюлтулган газдын баасы литрине 10-13 сомду түзгөн. Баанын өсүшүнө Казакстан менен Россияда дүң нарктын жогорулашы себеп болгон. Бирок 2022-жылдын башынан бери 5 сомго арзандашы байкалган.