Лейлекте кыргыз-тажик аксакалдары жолугушуп, ынтымак чайын ичишти

Жолугушуу эки өлкөнүн чек аралаш аймагында уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ишемби күнү Лейлек жана Гафуров (Тажикстан) райондорунун аксакалдарынын ортосунда ынтымак жолугушуусу болду. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ишемби күнү Лейлек жана Гафуров (Тажикстан) райондорунун аксакалдарынын ортосунда ынтымак жолугушуусу болду
Жолугушуу Кыргызстандын Борбордук айылы жана Тажикстандын Хистеварз айылы менен чектешкен жерде уюштурулган. Ага Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Гафуровдун башчысы Зафарбек Давлатзода катышты.
"Жолугушууда эки тараптын аксакалдары чай ичип, эки элдин ынтымагын бекемдөөнү, ошону менен бирге жаштарды да ынтымакка чакырып, биримдикте жашоо керектигин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуу 4-февралда Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдарынын катышуусунда да өткөрүлгөн.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 6 күндүк иши соңуна чыкты