БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Акыркы суткада Донбасстын өзүн-өзү жарыялаган республикаларынан эвакуацияланган 30 миңдей качкын чек арадан өткөнүн РИА Новости ФСБнын Ростов облусу боюнча чек ара башкармалыгына таянуу менен РИА Новости жазды.
Бозгундар мектептерге, спорт залдарга жайгаштырылууда. ӨКМ жетекчиси Александр Чуприн министрлик зарылдык жоюлмайын Ростов облусунда иштей турганын билдирген.
Алты поезд 5 миңден ашуун адамды Белгород, Воронеж жана Курск облустарына жеткирмекчи. Россия ӨКМи ЛЭР менен ДЭРдин жашоочуларын кабыл алууга даяр турган 30га чукул регионду каттады. Ал эми Донбасска гуманитардык жардамды Москва облусу жеткирмей болду.
Февраль айында Донбасста абал кайрадан курчуп кеткен. Буга Россиянын Украинага "кол салары" тууралуу батыш ЖМКларынын жана расмий адамдарынын билдирүүлөрү да түрткү болду.
ЛЭР менен ДЭРдин жетекчилери 18-февралда калкты убактылуу Россия аймагына эвакуациялай турганын билдирген. Ошол эле күнү кечинде республикалардан аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды алып чыгып кетишкен.