БИШКЕК, 20-Фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагы боюнча күн ачык болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын өрөөнүндө -3...+2 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбор калаада күн ачык болуп +11...+13 градуска чейин жылыса, Ош шаарында күндүн табы +12...+14 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.