Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк Украинанын аскер күчтөрүнө жооп кайтарып ок чыгарды

Өзүн-өзү жарыялаган республика жооп кайтарууга аргасыз болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өзүн-өзү жарыялаган Донецк Эл Республикасынын бөлүктөрү макулдашууда уруксат берилген курал менен Украинанын аскер күчтөрүнө жооп иретинде ок атты. Бул тууралуу ДЭРдин Элдик милициясынын төрагасынын айтканына таянып РИА Новости жазды.
Маалыматта украиналык аскерлер буга чейин ДЭР аймагына карай 37 ирет ок атканы, анын 29унда 122 миллиметрлик артиллерия, 120 жана 82 миллиметрлик минометтор пайдаланылганы айтылат. Бул арада 329 снаряд жана мина чыгарылган. Мындан тышкары, гранатометтор колдонулуп, жалпысынан 20 калктуу конуш жабыркаган.
Луганск менен Донецкиден Россияга келген качкындар тууралуу соңку маалымат