Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Апта ичи көпчүлүк жерлерге кар жаабайт деп божомолдонду. Анткен менен тоолуу жерлерде абанын температурасы төмөн болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптада өлкөнүн дээрлик бардык аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күн акырындап жылый турганы божомолдонду. Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы күндүз 10 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө апта ичи жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы акырындык менен жылып 13 градуска чейин жогорулайт. Таласта да кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы болжол менен күндүз 9...10 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында күн ачык болору божомолдонду. Кар жаабайт, абанын температурасы күндүз 11...13 градуска жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 20-февралдан 25-февралга чейин жаан-чачын күтүлбөйт, 26-февралда кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми тоолуу Нарында кар жаабаганы менен абанын температурасы күндүз -1…-3 градусту көрсөтөрү айтылды. 26-февралда айрым жерлерге кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак болору эскертилди.
Күн ысыйбы? Жаздын биринчи айы, мартка карата аба ырайы