Бала тарбиялоодо эң маанилүүсү — анын өздүк чеги бар экендигин түшүндүрүү. Бул анын кийин зомбулуктан оолак болуп, ага кабылбаш үчүн өзүн коргоого үйрөтөт. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланын колун эки тарабына сунгандагы аралык анын жеке территориясы жана буга кирүүгө ата-энесинин да акысы жок.
"Ата-эне балага анын өздүк чеги бар экенин үйрөтүүсү керек. Наристенин риторикасы калыптангандан тартып эле, бул болжолдуу түрдө үч жаш, анын уруксаты менен гана өбүүгө, кучактоого болот. Баланы мына ушуга көндүрүү зарыл. Анын эл көзүнчө шымын алмаштыруу, кичинекей го деп жол боюна заара ушатууга уруксат берүү сыяктуу майда нерселер баланын өздүк чек арасын талкалайт. Ата-эне балага анын өздүк территориясы бар экенин түшүндүрсө, ал балага зомбулук көрсөтүү коркунучу жаралганда өзүн коргой алат жана өзү да башкага зомбулук жасоодон алыс болот. Өздүк чек арага колун сунгандагы аралыктан жакын келип кыйкырып сүйлөө, анын буюмун уруксаты жок алуу да кирет", — деди Муратбекова.
Психолог ошондой эле зомбулук көрүп чоңойгон балдардан келечекте кордук көрсөтүүчү киши өсүп чыгуу тобокелчилиги жогору экенин кошумчалады.