БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун стоматология кафедрасынын башчысы Нуржан Кыдыкбаева Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде балдардын тишине туура кам көрүү боюнча кеңештери менен бөлүшкөн.
Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун стоматология кафедрасынын башчысы Нуржан Кыдыкбаева
© Фото / предоставлено Нуржан Кыдыкбаевой
Анын айтымында, баланын жаак сөөгү туура өсүш үчүн аларга алма, сабиз сыяктуу катуу нерсени көп жедирип туруш керек.
"Тиш катууну кемиргенде жаак сөөк туура өсөт. Илгери ата-энелер балдарга сөөк мүлжүтүп, кемирткени бекеринен эмес. Мунун пайдасы бар. Азыр балдарга жалаң эле тишке жумшак каша, ар кандай витамин аралашмаларын көп беребиз. Бул да тиштин кыйшык чыгуусун шарттоодо", — деген медик.
Дарыгер баланын тиши таттууну көп жегенден эмес, туура эмес жуугандан бузуларын кошумчалаган.
"Ооздо толгон-токой бактериялар жашайт, алардын көбү кариес чакырат. Тиш убагында тазаланбаса бара-бара эмалы кетип, бузула баштайт. Жылына эки жолу стоматологго келип көрүнүп туруу керек. Ошондой эле тишти эртең менен турганда эле эмес, эртең мененки тамактан кийин жууш керек. Кечинде да тамак ичкенден кийин сөзсүз тазалоо зарыл", — деген Кыдыкбаева.
Дарыгердин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.