Абу-Дабиде 9 миң жыл мурунку курулуштардын урандысы табылды

Археологдор уранды БАЭдеги эң байыркы курулуштардын бири экенин аныктап, илимде жаңы ачылыш жасай алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Абу-Дабинин батышындагы Гага аралынан археологдор сегиз жарым миң жылдан ашык убакыт мурун курулган имараттардын урандысын табышты. Бул тууралуу The National News жазды.
Адистер уранды БАЭдеги эң байыркы курулуштардын бири экенин аныктап, илимде жаңы ачылыш жасай алышкан. Буга чейин Абу-Дабинин жээгинде жайгашкан Марава аралындагы имарат эң байыркы деп эсептелчү. Ал жаңы табылган урандыдан 500 жыл кийин курулган.
Илимпоздор таш курулмаларда бай өлкөнүн алгачкы жамааттары жашаган деген божомолду айтышкан. Бөлмөлөрдүн ичи тегерек келип, бийиктиги бир метрге жетет. Андан археологдор көптөгөн байыркы буюмдарды, анын ичинде аңчылыкка пайдаланылган жебелерди тапкан.
Эксперттер бул конуштарда адамдар канча убакыт жашаганын аныктоодо. Табылган буюм-тайымдар тарыхты терең казууга өбөлгө болмокчу.
Германияда 70 метрлик көпүрө жардырылды. Видео