Ошто "Женгонун" адамдары акча алып жаткан жеринен кармалды. Видео

Шектүүлөр Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 17-февралда Оштун Кара-Суу районунда жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча алып жаткан жеринен эки адам колго түшүрүлгөн. Алар буга чейин ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу соттолгон. Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү — 29 жаштагы А.у.Э. жана 28 жаштагы Р.Э.Р. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда алардын башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан өкүлдөрдүн бири Кадырбек Досонов 2021-жылдын 11-февралында кармалып, 12-февраль күнү камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Кийин кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылган. Учурда Досонов камакта.
Ала-Букада алтын казган компанияны тоногон кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт