Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина менен чектешкен Ростов облусунда дагы бир снаряд жарылды

Биринчи снаряд бүгүн эртең менен үйлөрдөн анча алыс эмес жерден жарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия менен Украинанын чек арасынан анча алыс эмес жайгашкан Ростов облусуна караштуу Тарасов районунун аймагында дагы бир снаряд жарылды. Бул тууралуу РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булак
Буга чейин агенттиктин маектеши бүгүн саат 4:00дө (Москва убактысы боюнча) Митякинский станциясындагы үйдөн 300 метр алыстыкта жардыруу болгонун айтып, жабыркагандар жок экенин белгилеген.
"Биринчи жардыруу болгон жерден анча алыс эмес аймакта дагы бир жардыруу катталды", — деген маектеш.
Буга чейин Донбасстагы республикалар аймактагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, Киев буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп жатканын кабарлаган. Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Деэскалация маселеси Беларустун борборунда байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланып жатат. Негиз катары Минск келишими алынган. Документте конституциялык реформа жасоо, ок атууну токтотуу жана чектеш аймактан аскердик оор техниканы артка кайтаруу каралган.
Бул арада Украинанын бийлиги Донецк менен Луганск элдик республикаларынын чек арасына армиясынын көпчүлүк бөлүгүн топтоп ок чыгарып, тыюу салынган техникаларды дагы колдонууда. Донбасстагы абалды АКШ менен НАТО курчутуп жатат. Алар Украинага курал-жарак жеткирип, аскер инструкторлорун алып келген. Москва аймакты куралга толтурууну токтотууга үндөп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк жана Луганскинин эли эвакуацияланууда. Видео