Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын аскерлери Донецкинин эл жашаган алты аймагына ок чыгарды

Буга чейин Украина менен чектешкен Ростов облусунда дагы бир снаряд жарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Украинанын күч түзүмдөрү Донецк элдик республикасындагы (ДЭР) эл жашаган алты аймакка ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости ДЭРдин өкүлчүлүгүнө шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, эл жашаган Коммунаровка конушу Украинанын күч түзүмдөрү тарабынан эки ирет аткыланган. Анда Минск келишимдери боюнча тыюу салынган 120 миллиметрлик калибрдеги куралдар колдонулган. Зайцево пунктуна 120 миллиметрлик калибрдеги 32 мина коюлган. Мындан башка дагы бир нече калк жашаган аймактарга ок чыгарылган.
Буга чейин Донецк менен Луганск элдик республикалары жарандар убактылуу Россиянын Ростов облусуна эвакуацияланарын кабарлаган. Биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар коопсуз жайга көчүрүлмөй болгон. ДЭРдин башчысы Денис Пушилиндин айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска чабуул коюуга буйрук берет.
Буга чейин Украина менен чектешкен Ростов облусунда дагы бир снаряд жарылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк жана Луганскинин эли эвакуацияланууда. Видео