Москвадагы полиция бөлүмүндө тартылган видео боюнча элчилик үн катты

Маалыматты тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери Кунцеводогу полиция бөлүмүнө барганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги чет өлкөлүк жарандардын кармалып, Москванын полиция бөлүмүнө жеткирилип жаткандыгы тууралуу белгисиз адамдын кыргыз тилинде айткан видеосу боюнча үн катты.
Видеодогу киши сыягы ИИМдин Кунцево районундагы (Москва шаары) убактылуу кармоочу жайында отурган. Маалыматты тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери Кунцеводогу полиция бөлүмүнө барышкан.
РФ ИИМдин райондук өкүлү барган учурда бөлүмдө 18-февралда кармалган төрт жаран болгон. Ага чейин кармалган Кыргызстандын жарандарынын кээ бири текшерүүдөн кийин административдик жоопкерчиликке тартылса, айрымдары бошотулган.
"Видеодогу жарандардын бети көрүнбөгөндүктөн жана аты-жөнү белгисиз болгондуктан, ким экенин тактоо мүмкүн болгон жок", — деп жазылат маалыматта.
Элчилик Москвада рейд бат-баттан жүрүп жатканын эскертип, Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы талаптарды аткаруу боюнча чет өлкөлүктөр текшерилип жатканын кошумчалады.
Элчилик: Тюмень, Ханты-Мансийск, Калугадагы чектөөлөр кыргызстандыктар үчүн эмес