Кыргызстандык балбан Болгариядагы турнирде алтын медаль утту. Видео

Болгариядагы турнирде 63 килограмм салмактагылар арасында Тынар Шаршенбеков коло медалга татыды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков Болгарияда өткөн Dan Kolov — Nikola Petrov деп аталган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту.
Дордоков 55 килограмм салмак категориясы менен килемге чыгып келет. Финалдык кармашта ал румыниялык Флорин Михай менен атаандаш болду. Алгач, румын спортчусу 2 балл топтосо, бир нече мүнөттөн соң далысы жерге тийип, жеңилип калды. Ошентип, таймаш биринчи бөлүктө эле аягына чыкты.
Бул турнирде 63 килограмм салмактагылар арасында Тынар Шаршенбеков коло медалга татыды.
Мындан сырткары, килемге Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммет Абдулаев (экөө тең 60 кг. чейин), Марлен Асикеев, Элдияр Сатаров (67 кг.), андан сырткары Акжол Махмудов менен Акылбек Талантбековдун (77 кг.) чыгуусу пландалган.
Турнир Велико-Тырново калаасында 17-февралда башталган, эртең аяктайт.
UFC чемпионунун спарринг-өнөктөшү Ибраимов: "мини Хабиб" атыктым. Видео