Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк жана Луганскинин эли эвакуацияланууда. Видео

Донбасстын миңдеген жашоочусу өз үйлөрүн таштап, Россияга кетип жатышат. Эвакуацияланып жаткандар согуш башталышы ыктымал деген аймактан ыкчам көчүрүп жаткандыгы үчүн РФ бийлигине ыраазычылыктарын билдирүүдө.
Sputnik
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин Донбасстан Ростов облусуна барган ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берүүнү тапшырган.
Украинанын чыгышындагы кырдаал мындан бир нече жума мурда курчуй баштаган. Украинанын Куралдуу күчтөрү калк жашаган аймакка бир нече ирет ок чыгарган. Донецк жана Луганск республикаларынын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Украина президенти Владимир Зеленский жакын арада аскерлерге чабуулга өтүү боюнча буйрук бериши ыктымал. Ошондой эле Донецк жана Луганск республикаларынын аймагына өтүү планын ишке ашырышы мүмкүн.