УКМК Бишкектин вице-мэрин кармады

Аткаминер өкмөттүн аппаратында иштеп жүргөн учурунда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектин У.А.С. аттуу вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, бул калаа мэринин жер, шаар курулушу жана архитектура маселелерин жөнгө салган орун басары Узаков Азат Сапарбаевич.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков
Вице-мэр менен кошо "Г.П.С." ЖЧКсынын башкы директору Т.Г.Т. менен Мамкурулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Э.Ж. да кармалганы айтылды.
УКМК маалымдагандай, вице-мэр өкмөттүн аппаратында Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган. Кеп Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушу тууралуу болуп жатат. Билим берүү жайынын курулушун каржылоодо У.А.С. мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Г.П.С. ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогон.
"Такталган маалымат боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объекти жасалма ишке берилген. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген. Тактап айтканда, мектептин жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады жасалбай, айланасы жашылдандырылган эмес. Ошондой эле коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүтпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Вице-мэр менен кошо кармалган эки адам учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экени маалым болду. Мамлекеттин бюджетине, гранттардын жана донорлордун каражаттарына курулган бардык мектептерде дал ушундай текшерүү иш аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Салыкчылар менен MegaCom кызматкерлерине иш козголуп, бирөө кармалды