Радио

Аскарбекова: КРде баалуу кагаздар рыногу жаңыдан гана өнүгүп келе жатат

"Сенти" финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу баштапкы тепкичинде экендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногун Казакстан менен Россияга салыштыруу кыйын. Анткени ал жерде институционалдык инвестор, банк сектору, камсыздандыруу компаниялары, инвестициялык фонддор жакшы өнүккөн. Бул тууралуу Мээрим Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшү үчүн калктын финансылык сабаттуулугуна көңүл буруп, мамлекет колдоого алышы кажет.
"Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу баштапкы тепкичте деп айтууга болот. Анткени баалуу кагаздар рыногун коңшу Казакстан менен Россияга салыштыруу кыйын. Анткени ал жерде институционалдык инвестор, банк сектору, камсыздандыруу компаниялары, инвестициялык фонддор жакшы өнүккөндүктөн алар баалуу кагаздарды ири көлөмдө чыгарып турушат. Ал эми биздеги рыноктогу негизги кардарлар жеке жарандар. Бул тармакты жакшыртуу, өнүктүрүү үчүн калктын финансылык сабаттуулугуна көңүл буруу зарыл. Тилекке каршы, жеке компаниялардын күчү бардык элди маалымат менен камсыз кылуу оор болгондуктан мамлекеттин көмөгү абдан маанилүү. Учурда Улуттук банктын алдында атайын комиссия түзүлүп, программалар аныкталып иш жүрүп жатат. Пандемиядан кийин баалуу кагаздарга инвестиция жасоо керек экендигин эл түшүнө баштады", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис мамлекет баалуу кагаздар рыногун пропагандалоону колго алышы керектигин кошумчалады.