COVID-19га антителону акысыз аныктоо. Кыргызстанда изилдөөнүн 2-этабы башталат

Изилдөө 21-февралдан 25-февралга чейин жүргүзүлөт. Ага Кыргызстанда 63 участок даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстан калкынын коронавируска антителосун изилдөөнүн экинчи этабы башталуу алдында турат. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Биринчи этапка өлкөнүн ар кайсы аймагынан 9 400 адам катышкан. 14-февралдан тарта алардын электрондук дарегине экинчи этапка катышууга чакыруу келген.
"Элдин көбүндө "Менде антитело барбы?", "Коронавирус же башка вирус менен оорудумбу?" деген суроо жаралат. Бул суроолорго эми жооп алса болот. Мындан сырткары, эмдөөдөн кийин антитело иштелип чыкканын да биле алышат. Изилдөөдө калктын канча пайызында антитело бар экендиги, аймактагы абал да белгилүү болот", — деген Нурматов.
Изилдөөнүн экинчи этабына катышууну каалагандар каттын этегиндеги макулдук тууралуу пунктуну тандап алышы керек. Мындан тышкары, бир нече суроого жооп берип, кайсыл жактан анализ тапшыруу ыңгайлуу экенин көрсөтүшү зарыл.
Изилдөө 21-февралдан 25-февралга чейин жүргүзүлөт. Анализ алуу үчүн Кыргызстанда 63 участок бар. Анализ тапшырчулар биринчи этапка катышкандыгы тууралуу медиктерге айтышы керек. Чакыруу албагандар дагы анализ тапшырган жакыныраак пунктуга барып абалын түшүндүрсө болот.
Антителосу канчага жеткен адам вакцина албай койсо болот? Министрдин жообу