ЖКККББга 60 патрулдук автоунаа берилди. Сүрөт

Акылбек Жапаров президент кырсыктарды 50 пайызга кыскартуу тапшырмасын койгонун эскертип, жаңы реформанын жыйынтыгы көпкө күттүрбөшү керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 60 патрулдук автоунаа берилгенин ИИМ билдирди.
1 / 4

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 60 патрулдук автоунаа берилгенин ИИМ билдирди

2 / 4

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Chevrolet үлгүсүндөгү автоунааларды, көчмө радиостанцияларды жана атайын техниканын башка үлгүлөрүн көрүп чыкты

3 / 4

ИИМдин маалыматына караганда, автоунаалар жолдогу кырсыктарды азайтуу боюнча ишти илгерилетүү максатында аймактарга бөлүштүрүлүп берилет

4 / 4

Акылбек Жапаров ИИМдин коллегиясында жол коопсуздугун камсыздоо маселесине токтолуп, президент кырсыктарды 50 пайызга кыскартуу тапшырмасын койгонун эскерткен.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Chevrolet үлгүсүндөгү автоунааларды, көчмө радиостанцияларды жана атайын техниканын башка үлгүлөрүн көрүп чыкты.
ИИМдин маалыматына караганда, автоунаалар жолдогу кырсыктарды азайтуу боюнча ишти илгерилетүү максатында аймактарга бөлүштүрүлүп берилет.
Акылбек Жапаров ИИМдин коллегиясында жол коопсуздугун камсыздоо маселесине токтолуп, президент кырсыктарды 50 пайызга кыскартуу тапшырмасын койгонун эскерткен.
"Биз бул тапшырманы аткарышыбыз керек. Учурда автомектептерге лицензияны жана айдоочуларга күбөлүк берүү укугу Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул реформанын жыйынтыгы көпкө күттүрбөшү керек", — деген Жапаров.
Машиналар менен атайын жабдыктар бюджеттик каражатка сатып алынды.
Түркия Кыргызстанга аскердик автоунааларды берди. Сүрөт