Түркия Кыргызстанга аскердик автоунааларды берди. Сүрөт

Коргоо министрлигинин жетекчилиги түрк тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Түркиядан аскердик-техника алды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
1 / 4

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Түркиядан аскердик-техника алды

2 / 4

Түркиянын Коргоо ведомствосу аскердик автоунааларды, атайын шаймандарды жана башка жабдыктарды берген

3 / 4

Коргоо министринин орун басары Таалайбек Усубалиев аскердик-техниканы тапшыруу аземинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга мындай колдоо жана кыргыз аскерлеринин Түркиянын аскердик-машыгуу жайларындагы даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди

4 / 4

Ал ошондой эле кыргыз тарап мындан ары дагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Түркиянын Коргоо ведомствосу аскердик автоунааларды, атайын шаймандарды жана башка жабдыктарды берген.
Коргоо министринин орун басары Таалайбек Усубалиев аскердик-техниканы тапшыруу аземинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга мындай колдоо жана кыргыз аскерлеринин Түркиянын аскердик-машыгуу жайларындагы даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле кыргыз тарап мындан ары дагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Асмандагы спецназ. Бишкектен парашют менен секирген жоокерлердин 14 сүрөтү
Жапаров аскер техникасын сатып алууга канча каражат бөлүнгөнүн айтты