Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Донбасстан келген ар бир качкынга 10 миң рубль бөлүүнү тапшырды

Буга чейин Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин калкты массалык түрдө Россияга эвакуациялоо уюштуруларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өкмөткө Донбасстан Ростов облусуна көчүп келген ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Путиндин бул чечими туурасында маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаган.

"Муну менен катар РФтин президенти Россия өкмөтүнө Донбасстан Ростов облусуна көчүп келген ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берүүнү тапшырды", — деди ал.

Буга чейин Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин бүгүндөн тарта калкты массалык түрдө Россияга эвакуациялоо уюштуруларын билдирген. Пушилин Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын кошумчалаган.
Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк башчысы Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланарын жарыялады