Радио

Абжапаров: кичи жана орто бизнеске Соцфонд жеңилдик берет

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров эми 15 кызматкерден ашык адам иштеген ишканалар маянанын 27,25 пайызын эмес 14 пайызын гана камсыздандырууга которуу сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө ички дүң продукциянын 50 пайызга жакынын кичи жана орто бизнес берет. Ал эми камсыздандырууга төккөн каражаттарын карасак 15 пайызга жетпейт. Бул ишкерликтин аталган тармагы көбүнесе көмүскөдө иш алып барууда дегенди билдирет. Бул тууралуу Теңизбек Абжапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда сунушталып жаткан пенсиялык реформа жүргүзүү мыйзамында кичи жана орто бизнеске жеңилдик берүүнүн максаты аларды көмүскөдөн чыгаруу болуп саналат.
"Өлкөдө ички дүң продукциянын 50 пайыздайын кичи жана орто бизнес берет. Бирок ошол эле убакытта камсыздандыруу үчүн төккөн каражаты 15 пайызга жетпей жатат. Демек, бизде бизнестин аталган бөлүгү көбүнесе мыйзамсыз иш алып барууда. Социалдык фонд аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында жеңилдиктерди сунуштайт. Учурда Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, депутаттардын кароосунда турган мыйзам долбоорунда эгер ишканада беш кишиден ашуун адам эмгектенсе, анда камсыздандыруу үчүн 27,25 пайыз эмес 24 пайыз төлөө сунушталууда. Ал эми 15 адамдан ашык кызматкер болсо анда 14 гана пайызын которуусу керек болот. Анын 10 пайызын кызматкер өзү, төрт пайызын иш берүүчү төлөйт. Төрт пайыздын эки пайызы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат, калган эки пайызы пенсиялык фондго келип түшөт. Бул иш берүүчүлөр үчүн жакшы жеңилдик", — деди Абжапаров.
Ал көмүскө экономикадан чыгууда кызматкерлер да салымын кошуп, ишке мыйзамдуу алынышын талап кылуу зарылдыгын кошумчалады.