Пресс-борбор

Селекционер чуулуу №309 токтом үрөн чарбаларына пайда алып келерин айтты

Токтомдо айыл чарба продукциясын бирдиктүү массивде өндүрүү жана сатуу үчүн кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбаларга мамлекеттик фонддогу жерлердин 75 пайызын бөлүп берүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Учурда дыйкан-фермерлер арасында кызуу талкууланып жаткан № 309 токтомдун үрөн чарбаларына пайдасы тиет. Мындай пикирин "Агро-М" дыйкан чарбасынын башчысы, селекционер Миргасым Аллахверанов билдирди.
"Агро-М" дыйкан чарбасынын башчысы, селекционер Миргасым Аллахверанов
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда №309 токтомду талкуулоо боюнча тегерек стол өтүүдө.
"Кыргызстанды будайдын үрөнү менен камсыздоо үчүн 40 миң гектарга чейин жер керек. Бул жагынан №309 токтомдун пайдасы тийгени турат. Мисалы, биз жыл сайын түшүмдүүлүктү 5-10 пайызга көтөрсөк эле жетиштүү болот", — деди селекционер.
Ошондой эле ал сөз болуп жаткан №309 токтомдо кемчиликтер бар экенин, бирок алдыга жылып, иш жүргүзүү үчүн аны иштетип, жаңы деңгээлге өтүү зарыл экенин кошумчалады.
Эске салсак, фермерлер министрлер кабинетине № 309 токтомду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. Ал документ мамлекеттик фондудагы 270 миң гектар айыл чарба жерлерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүүнү карайт.
Тагыраагы, анда айыл чарба продукциясын бирдиктүү массивде өндүрүү жана сатуу үчүн кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбаларга мамлекеттик фонддогу жерлердин 75 пайызын бөлүп берүү каралган.
Пресс-борбор
Депутат: №309 токтом бардык мыйзамдарга каршы иштейт