БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 6-марттан тарта Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушуп, бул тууралуу сөз болгон.
"Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты жана товар айлантууну күчөтүү тууралуу кеп кылышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул максатта эки өлкөнүн ортосунда аба каттамы ачылды. Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы аптасына бир ирет Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча учуп турмакчы.