COVID: эки бейтап көз жумуп, 44 бейтап өтө оор абалда жатат

Каза болгондор Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан, коронавируска каршы вакцина алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оору жуктургандар:
Бишкек — 20;
Чүй — 14;
Талас — 1;
Ысык-Көл — 5;
Жалал-Абад — 1.
Пандемиядан бери баш-аягы 200 255 адам илдетке кабылды.
Тилекке каршы, жугуштуу ооруну эки бейтап жеңе албай калган. Алар Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан, коронавируска каршы вакцина алышкан эмес. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 939га жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 191 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 193 792ни түздү.
Учурда ооруканаларда 333 бейтап дарыланууда. Анын ичинен үчөө канааттандырарлык, 147 киши орточо, 139 адам оор жана 44 бейтап өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 622 бейтап бар.
"Омикрон" жуктурган кош бойлуу аялдын көтөрүлгөн дене табы 8 кооптуулукту шарттайт
Баланын "омикрон" жуктуруп алганынын 7 белгиси тизмектелди