БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Финансылык пирамида уюштурду делип Казакстандын жараны Кыргызстандан экстрадицияланды. Ал жактан кылмыш жоопкерчилигине тартыларын Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Казакстандын тиешелүү органдары Кыргызстандын аймагында кармалган өз жаранын экстрадициялоо өтүнүчү менен кайрылган. А.Д.М. аттуу адам Казакстанда финансылык пирамида уюштуруп, 4 миллиард теңгеден ашык чыгым келтирген", — деп айтылат билдирүүдө.
Аны Казакстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү милдети Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлгөн болчу.