Радио

Амракулова: Жалал-Абад менен Ош облустарында жумушсуздук күч

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Жаркынай Амракулова өлкөнүн эли көп аймактарында жумушсуздардын саны арбын экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда иш орундарынын жана айлык акынын аздыгы жумушсуздуктун негизги себеби болууда. Алсак, статистика боюнча 2021-жылы Кыргызстан боюнча бир жумуш ордуна 36 киши туура келсе, азыркы учурда Бишкекте эле бир иш ордуна төрт адам туура келет. Бул тууралуу Жаркынай Амракулова Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн калк жыш жайгашкан аймактарында жумушсуздук күч алган.
"Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдын 1-январына карата берген маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 134 миң адамга жетти. Анын 2 миллион 445 миңинин (5,8 пайыз) жумушу бар болсо, 150,2 миң адам жумушсуз жүрөт. Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 2,9 пайызды түзөт. Ал эми иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын каттоосунда 99,3 миң адам турат. Облустар боюнча ала турган болсок Жалал-Абадда 21 800, Ошто 19 400 жумушсуз жүрөт", — деди Амракулова.
Ал жарандар эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун (GIZ) колдоосу алдында расмий түзүлгөн эмгек рыногунун маалымат системасы жана Zanyatost.kg веб-порталы аркылуу бош орундар жана иш издегендер тууралуу маалымат тапса болорун кошумчалады.