Ишембиге карата аба ырайы

19-февралга караган түнү жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын аймагында -2...+3 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6... +8 жана Ош калаасында +10...+12 градуска көтөрүлөт.
Күн ысыйбы? Жаздын биринчи айы, мартка карата аба ырайы