Радио

Шаршенова: 500дөй мамлекеттик орган Infodocs маалыматтык системасына кошулду

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук өкмөттүн инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Индира Шаршенова 500гө жакын мамлекеттик орган Infodocs маалыматтык системасына кошулгандыгын айтты.
Sputnik
Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасына ушул жылдын февраль айынын башына карата 2 миллион 506 миң 542 документ катталды. Бул тууралуу Индира Шаршенова Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, Infodocs электрондук кол тамгага негизделип жасалып, e-kyzmat системасы менен түздөн-түз интеграцияланган.
"Министрлер кабинетинин структурасына карасак, борбордук аппарат эсептелген 27 мамлекеттик органда Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы ишке киргизилди. Территориялык, ведомстволор аралык мекемелерди кошо санасак, 500гө жакын маморган Infodocs маалыматтык системасы аркылуу иш алып барууда. Мындан тышкары, президенттин жети облустагы өкүлчүлүктөрүндө, 40 райондук мамлекеттик администрацияда, 32 мэрияда, 17 шаардык кеңеште ийгиликтүү колдонулуп жатат. Ушул жылдын февраль айынын башына карата системага 2 миллион 506 миң 542 документ катталды", — деди Шаршенова.
Ошондой эле адис маалыматтык системалардын коопсуздугуна да дыкат көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.