БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочусу окуучу кызды жөө кишилер өтчү чийинден сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Жол кырсыгы болгон учур камерага түшүп калган.
"17-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында №138 маршруттун айдоочусу Ден Сяопин жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы окуучуну кагып кетти. Жабырлануучу №3 шаардык ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда автоунаа айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталууда.