Баткенде УКМК кызматкерине пара берди делген аял кармалды. Видео

Шектүү жүктөрдү тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом берген деп айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен алектенгендердин бири, Кыргызстандын Н.Б.А. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.
1 / 2

Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен алектенгендердин бири, Кыргызстандын Н.Б.А. аттуу жараны кармалды

2 / 2

Маалыматка караганда, аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү ("Кызмат адамдарына пара берүү") боюнча иш козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК Жалал-Абадда жашыруун казинону таап, андагыларды кармады. Сүрөт