Асмандагы спецназ. Бишкектен парашют менен секирген жоокерлердин 14 сүрөтү

Бишкекте атайын дайындоодогу аскер бөлүктүн аскерлери парашюттан секиришти. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн машыгуудагы ирмемдерди көрүүгө болот.
Sputnik
Машыгуулар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 2022-жылга карата даярдык планынын алкагында өттү. 17-февралда Абадан коргонуу күчтөрүнүн (АКК) 23565 аскер бөлүгүнүн базасында Куралдуу күчтөрдүн 52806 жана 52870 атайын багыттагы аскер бөлүктөрүнүн, АКК аба-аскер базасынын учкучтарынан турган өздүк курам Ми-8 МТВ тик учагынан Set-10 жана Т-10 үлгүсүндөгү парашюттар менен ар кандай бийиктиктен секиришти.
1 / 14

Машыгуулар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 2022-жылга карата даярдык планынын алкагында өттү

2 / 14

Иш-чара Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн базасында өттү

3 / 14

АКК аба-аскер базасынын учкучтарынан турган өздүк курам парашют менен секирди

4 / 14

Set-10 жана Т-10 үлгүсүндөгү парашюттар колдонулду

5 / 14

Ми-8 МТВ тик учагы аскерлерди ар кандай бийиктикке жеткирип жатты

6 / 14

Жалпы жонунан 90дон ашык аскер кызматкери секирди. Алардын 20га жакыны биринчи ирет парашют менен түштү

7 / 14

Спецназ 23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунан абага көтөрүлүп кайра ылдый секиришкен

8 / 14

Аскерлер парашюттар менен ар кандай бийиктиктен секиришти

9 / 14

Машыгууга жерден көз салып турушту

10 / 14

Спецназ буга чейин жерден даярданган

11 / 14

Секиргенден кийин ар бир аскер парашютту чогултушу керек

12 / 14

Аскер кызматкери парашюту менен конуу тилкесине чуркап бара жатат

13 / 14

Бардык аскер кызматкерлери секиргенге чейин парашютту билүү деңгээли боюнча теориялык жана практикалык зачёт тапшырышкан

14 / 14

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын дайындоодогу аскерлеринин машыгуусу