Ойго келбейт. БУУ адамзат үчүн кандай кооптуулуктар жаралып жатканын айтты

Эл аралык абройлуу уюм адам баласына зыянын тийгизе турган токойдогу өрттөр менен добуштардын кесепети экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча уюму (ЮНЕП) адамзат үчүн эмне кооптуулуктар башкы орунга чыгып жаткандыгын атады. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.
БУУ адам баласына зыян болгон шарттар токойдогу өрттөр менен добуштардын кесепети экендигин айткан. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна оңбогондой зыянын тийгизерин билдиришкен.
Эксперттер токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучуларга жана анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүк сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешкен.
Ал эми добуштар кесепети (бул адамды кыжалат кылган, уйку бербеген, эс алдырбаган сырткы добуштар. Алар адатта ири шаарларга, өнөр жайлуу аймактарга тиешелүү — ред.) өнөкөт болуп калган чарчоону шарттайт жана уйкуну болуп көрбөгөндөй бузат. Андан улам жүрөк, психикалык оорулар жаралып жана угуу сезими начарлайт.
Адистер, андан сырткары, бул кесепеттерден улам экосистеманын бири-бири менен эриш-аркак болбой каларына токтолгон.
Даниялык Berlingske илимий журналынын журналисти Ларс Хенрик Огор Жердеги жашоонун табигый кооптуу нерсеси супер вулкандар экендигин билдирген.
Мындан мурдараак окумуштуулар ойго салган климаттык өзгөрүүгө байланыштуу апокалипсис эми кооптуулук жаратпай тургандыгын, бирок адам баласы экологиялык кризис менен күрөшүн токтотпошу керектигин билдиришкен.
Жерде жашоого мүмкүн болбой бара жатат. Окумуштуулар коңгуроо кагууда
Bloomberg: мунай экспорттогон Кувейт жашоого жараксыз аймакка айланып баратат