Радио

Термечиков: 5G технологиясы интернет байланышын кыйла ылдамдатат

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу радио жыштык спектрин башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Азамат Термечиков 5G технологиясы учурда интернет байланышынын акыркы мууну экенин белгиледи.
Sputnik
5G технологиясы интернет байланышын кыйла ылдамдатат. Аны медицина тармагында, аралыктан билим берүүдө жана башка тармактарда колдонууга болот. Бул тууралуу Азамат Термечиков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
"5G технологиясы интернет байланышынын бешинчи мууну. Алгач 2G, 3G мууну киргизилип, учурда өлкөдө 4G колдонулууда. Эгерде 5G технологиясы иштеп баштаса, өлкөдө интернет байланышы дароо ылдамдайт. Маалыматтарды бөлүшүү кыйла жеңилдейт. Аны медицинаны санариптештирүүдө, аралыктан билим берүүдө жана башка тармактарда колдонсо болот. Себеби байланышта кечигүү болбойт. Ошондой эле соңку убакта сапаттуу видео, сүрөт тарткан мобилдик телефондор чыгып, тартылган видеолордун көлөмү чоң. Учурдагы интернет байланыш менен аларды кетирүүдө ыңгайсыздык жаралышы ыктымал. Ал эми 5Gда мындай татаалдыктар дээрлик болбойт", — деди Термечиков.
Ошондой эле ал учурда көпчүлүк телефондор 5Gны кармабай турганын айтып, ал үчүн смартфон сатып алууда аталган технологияны колдонууга мүмкүнчүлүгү барын алуу зарыл экенин кошумчалады.