Кой жайып жүргөн. Жети-Өгүздө жардан түшө албай калган киши куткарылды. Видео

Окуя болгон жерге алты куткаруучу тартылып, тургунду жардан түшүрүүгө жардам беришкен. Учурда абалы жакшы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жарга чыгып, кайра түшө албай калган койчу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ Дархан айылындагы Ак-Жар жайлоосунда 47 жаштагы А.А аттуу эркек киши мал жайып жүрүп жардан түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге алты куткаруучу тартылган. Койчу андан кийин Тез жардам кызматынын көзөмөлүнө өткөн. Абалы жакшы экени айтылды.
Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты