БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Жалал-Абаддан Ташкентке жүргүнчү ташуучу поезд каттамын ишке киргизүүнү сунуштады.
Депутат бул туурасында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, протоколдук тапшырма берди.
"Жалал-Абад — Ташкент темир жол каттамын ачууну сунуш кылам. Бул элдин бир топ көйгөйүн чечет эле, соода-сатык кылат, ошондой эле ортодогу карым-катнаш жакшырмак. Көптөгөн туристтер келет эле, биздин жарандар дагы Ташкентке чейин саякаттап келишмек. Ал темир жол Ош облусу аркылуу өтүп, Өзбекстандын Андижан, Наманган шаарларын аралап барат. Тез арада ушул темир жол каттамын ачып бериңиздер, бул элдин талабы", — деди Икрамов.
Депутат учурда Жалал-Абад — Ташкент темир жол каттамы менен жүк гана ташылып жатканын кошумчалады.