Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина жагдайы: дүрбөлөң салган медиа, өлкөдөн чыгып кеткен "каймактар"

Батыштын Россия "16-февралда кол салат" деген жоромолунан соң дипломат, миллиардер жана депутаттардын бир даары Киевден чыгып кетишти. Украина президенти Владимир Зеленский алардан кайра кайтууну талап кылып, "антпесе тыянак чыгарууга туура келерин" эскертүүдө.
Sputnik
Маалымат айдыңы ушундай жаңылыктарга "жайнап", чыңалуу жетер чегине жетип турган маалда РФ президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвада кезикти. Татьяна Мишина аталган эки өлкө жетекчилеринин кыйла катаал пикир алышуусу, Украина жана ушул таптагы геосаясий жагдайга баам салган. Анын бул туурасындагы макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
"Аябай кооптуу. Премьер-министр Россия өз аскердик күчтөрүн көбөйтүп жатканын билдирди" деген аталыштагы макала жарыялады The Guardian.
"Путинге соңку эскертүү! Же тынчтык, же куну оор болот!" — деп жазылган Daily Express басылмасынын биринчи бетинде.
"Согуштун алдын алуунун акыркы үмүтү" деген эскертүүнү басты Daily Mirror таблоиди. Ал түгүл Британиянын жеңил-желпи гезиттеринин ана башындагы бул басылма "кол салуу" убактысына чейин белгилеп жиберген. Батыш жалпыга маалымдоо каражаттары жоромолдогон күн жакындаган сайын кырдаал кызый берди. Өткөн ишембиде Украина аба мейкиндигинде менчик учак жана чартерлер биринин аркасынан бири учту.
Владимир Зеленский Жогорку Раданын өлкөдөн чыгып кеткен өкүлдөрү, олигархтардан "24 саат аралыгында кайра кайтууну өтүндү". "Мында мамлекет бизнеске таасир эте албайт. Бирок менимче, алар өздөрүнө өкүм чыгарып алышты. Алар өз ишканаларына кайтууга тийиш. Алар жөнөкөй жарандар же IT-адистер эмес да", — деди Украина президенти. Айрымдары ага кулак салып, сыртка чыкканына актанган миллиардер жана депутаттар да болбой койгон жок.
Ал эми Москвада Владимир Путин өлкөсүнүн тышкы иштер, коргоо министрлерин кезеги менен кабыл алды. Сергей Лавров АКШ жана НАТОдон коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, Сергей Шойгу аскердик окуулар тууралуу маалымат берди.
Батыш өнөктөштөрүнөн алган жооптор негизинен Россияны канааттандырбайт, бирок көңүлгө алчу сунуштар да жок эмес. Ал эми Баренц, Балтика жана Кара деңиздеги, ошондой эле РФтин Батыш, Чыгыш жана Борбордук аскер округдарындагы машыгуулары аяктап барат.
"Аскерлер туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Батыш азырынча айта элек болсо да "мына көрдүңөрбү, биз аларга кысым кылдык эле дароо үрөйлөрү учуп, талаптарыбызды аткара салышты" деп сөзсүз жар салып чыгарын бөркүңүздөй көрүңүздөр", — деп билдирди кийинчерээк Лавров тамаша-чыны аралаш.
Батыш медиа майданы "кол салуу" тууралуу маалыматты четке кага элек, бирок күнүн дагы өзгөртүштү. CNN каналы "Россиянын кол салышынын" кечеңдешине аба ырайы себеп экенин түшүндүрүп, кардын эриши жолтоо болуп жатышы ыктымал деп боолголошту. Бирок ыраакка ылайыкталган артиллерия, авиация жана ракетага бул бөгөт боло албастыгын белгилешти аталган медианын журналисттери ошол эле сюжетинде. Булар менен катар чет өлкөлүк элчиликтер дипломаттарынын учурда көңүл чордонундагы өлкөдөн, анын борборунан чыгып кеткени жөнүндөгү маалыматтардын агымы токтой элек. Маселен, Кошмо Штаттардын миссиясынын негизги персоналы Киевден Львовго жөнөптүр. Дагы бир авиакомпания, атап айтканда, Norwegian коопсуздук жагдайынан улам Украинадан учуштарын утурумдук токтотту. Ал эми Киевде калкты коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча комиссия түзүлүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын көзүрү. Батыштын санкцияларынан Европа жабыркайбы
"Слуга народа" фракциясынын дүйшөмбү күнкү жыйынына Зеленский катышты. Жергиликтүү "Страна" басылмасы "Мамлекет башчысы Украина дүрбөлөң түшүргөн өнөктөштөрү менен "жаман-жакшы айтышканын", бирок жыйынтыгында бир пикирге келгенин маалымдады", – деп жазды.
Коргоо министри Алексей Резниковдон да көңүл жубатарлык билдирүү болду. Анын айтымында, азырынча өлкөгө аскердик абал киргизүүгө негиз жок. Ал эми Украинын Улуу Британиядагы элчиси Вадим Пристайко НАТОго кирүүдөн баш тартуу божомолун ортого сала коюп, бул сөзү үчүн кийин кайра-кайра кечирим сураганына да күбө болдук. Антсе да, Зеленский өзү да моюнга алгандай, Батыштагылар дал ушундай сөздү күтүп жатышат.
"Менимче, бүгүн лидерлердин көбү Украинага альянска мүчө болуу маселесин көтөрбөй эле коюу керектигине ишарат кылгандай. Мага муну эми эч кимиси жашырбай калгандай туюлуп жатат", — деп билдирди Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушуусунда.
"Бул маселе күн тартибинде жок. Ошондуктан россиялык өкмөттүн бул теманы чоң саясий көйгөйгө айлантып жатканы кызык", — деп жооп берди Шольц. Ал эми шейшембиде ага Владимир Путин бу боюнча: "Украина бүгүн НАТОго кирүүгө даяр эмес дегендерин угуп калып жатабыз. Бизге бул тезис тааныш. Буга аны качан даярдап бүтүшкөндө кабыл алышабы? Бирок биз үчүн кеч болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен биз бул маселени азыр – дал ушул тапта, жакын арада сүйлөшүүлөр, тынч каражаттар менен чечип алгыбыз келет", — деди.
Соңку күндөрү Вашингтон, Киевге да келип кеткен германиялык канцлер Москвада Путин менен үч сааттан ашык баарлашты. Иш атмосферасынан жана кеңири маселелерден кеп козгоп, экөө тең жыйынтыгында сүйлөшүүлөргө жогору баа беришти.
Шольц Батыштагылар Украинанын чек араларында россиялык аскерлердин топтолушуна бушайман болуп жатышканын, бирок дипломатиялык жолдун мүмкүнчүлүктөрү али түгөнө элек деп эсептешерин кайталап: "Учурда кептин баары бул каатчылыктан кайраттуулук жана чечкиндүүлүк менен чыгууда", – деди. Россиялык аскердик бөлүктөрдүн машыгуулардан соң дайымкы жайгашкан жерлерине кайтышын "жакшы жышаан" деп атады.
Европада согушту элестетип да болбойт деп кесе айтты германиялык канцлер. Бирок Путин НАТОнун Югославияны бомбалаганын анын эсине салды. Шольц ал жакта кыргын коркунучу болгонун жүйө катары келтирип: "Түндүк атлантикалык альянс анын алдын алууга тийиш эле", – деп жооп кайтарды. Россия президенти Донбасстагы көрүнүштү да Москва кыргын деп эсептей турганын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россия коопсуздук жаатында кандай кадамдарга барарын айтты
Донбасс темасы көңүл чордонунда. Мамлекеттик Думанын депутаттары рейтингдик добуш берүүдөн соң өзүн жарыялаган Донецк жана Луганск Эл Республикаларын таануу демилгеси менен президентке тезинен кайрылуу жолдоо керек деген токтом кабыл алышкан эле. Шольцтун көз карашында бул Минск келишимин үзгүлтүккө учуратып "саясий кырсыкка" кептейт. Бирок Россияда басымдуу көпчүлүк Донбасстын тургундарын колдойт. Депутаттар муну сезип турганын айтты Путин. Ал эми Париж менен Берлин Украина жети жыл мурун алган милдеттенмелерин аткарышы үчүн Киевге таасир этүүгө тийиш.
Германия канцлери менен биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында Путинден азыркы абалда Москванын мындан аркы кадамдары тууралуу сурашты. "Пландалган боюнча аракет этебиз. Баары жер-жерлердеги реалдуу жагдайга жараша. Кандай болуп кетерин ким так айта алат? Азырынча эч ким, бул жалгыз бизден көз каранды эмес", — деп түшүндүрдү россиялык президент.
"Украинанын НАТОго мүчө болушу башынан эле арсар. Альянс үчүн бул – Россияга таасир этүү куралы, Москванын ишмердигин чектөө аракети. Европа биримдигине кирүү боюнча деле ушундай, — деп боолголойт саясий илимдердин доктору, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Наталья Еремина. — Кызматташууга болот, бирок мүчөлүккө кабыл алынышы мүмкүн эмес. Бул структураларга Украинанын кандай зарылдыгы бар? Киев ансыз да аларга керектүү нерселердин баарын аткарууда. Ал эми күттүрүп, үмүттөндүрүү менен башкарып алууга болот эмеспи".
РФ Илимдер академиясынын Европа институтунун Германия боюнча изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Александр Камкиндин пикиринде Франция президенти Эммануэль Макрондун жакындагы эле сапарына караганда канцлер Шольцтун визити кыйла натыйжалуу болду.
"Россия менен Германияны экономикалык кызматташтык байланыштырып турат. Сүйлөшүү процесси боюнча да Москва менен Берлиндин орток түйүндөрү арбын.
Макрон көбүнесе жеке шайлоо кампаниясынын камын ойлогону байкалган. Ал эми канцлерге мунун зарылдыгы жок", — деп белгилейт эксперт.
Азырынча Шольцтун чакан турнесинин негизги жыйынтыгы — Киевге каржылык көрсөтүүнү убада кылганында. Ал эми курал-жарак менен Берлин Украинаны дагы деле жабдууга ниеттенбейт.
АКШ миллиард долларга насыялык кепилдик, Канада кошумча 390 миллион карыз сунуштаган. Кырдаалдын чыңалып жатышынан улам инвесторлордун Украинадан тездик менен чыгып кетип жатканын эске алсак, аталган мамлекетке куралга караганда акча көбүрөөк зарыл болчудай.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш менен бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгү дайыма бар