Пестициддер — өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн айыл чарбасында колдонулуучу химиялык зат. Ал өтө уулуу, айлана-чөйрөдө узак убакытка (2 айдан 2-3 жылга чейин) сакталат. Ал эми ДДТ өңдүү заттар (дуст) 20 жана андан ашык жылдарга чейин уусун сактайт. Бул тууралуу Асел Акымбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пестициддер айрыкча кош бойлуу (түйүлдүктүн өсүүсүнө таасир этип майыптыкты шарттайт), бала эмизген энелер үчүн кооптуу.
"Пестициддерди туура эмес колдонгондо алар топуракта сакталып калат. Ал топурактан жашылча-жемишке, дан өсүмдүктөрүнө жана курчап турган чөйрөгө тарайт. Адамдын денесине пестициддер тамак-аш аркылуу кирет. Мисалы, эт, жашылча-жемиштен 95 пайыз, суу аркылуу 4,7 жана аба аркылуу 0,3 пайыз өтөт. Аз өлчөмдө болсо дагы адамдын организмине кирген пестициддер май ткандарында, боордо, жүрөктө, мээде топтолуп, бул кийин жүрөк-кан тамыр, эндокриндик, онкологиялык, аллергиялык ооруларды пайда кылып, нерв, репродуктивдүү системаны жабыркатып, дем алуу, тамак сиңирүүнү бузат. Химиялык зат организмге кирсе баш оору, алсыроо, ашыкча тердөө, чыйрыгуу, кусуу, жаш агуу, ич өтүү, каректин кичирейиши өңдүү белгилер пайда болуп, дем алуу кыйындайт. Бул учурда адам эсинен танбаса активдештирилген көмүр менен бир нече стакан суу ичип, атайын кусууга аракет кылуу керек. Абал абдан эле начар болсо, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Алар ашказанды жууп уулуу затты организмден чыгаруу аракетин көрүшөт. Ал эми пестицид териге, көзгө түшсө дароо жууш (көздү 15 мүнөт) керек. Калк арасында кеңири тараган инсектицид дустту Кыргызстанда колдонууга тыюу салынган. Бул абдан кооптуу пестицид, иштеткенге болбойт", — деди Акымбаева.
Ал пестициддерди колдонордо адам коргоо каражаттарын кийип, көрсөтмөгө ылайык иштеп, химиялык затты шамал, жамгыр болбогон кезде (эртең мененки 10го чейин жана кечки 18:00дөн кийин) колдонуу керектигин кошумчалады.